hero-pic-top
hero-pic-top
hero-pic-top
Яндекстин
программчылар
мектеби
hero-pic-right

8-10-класстардын окуучулары үчүн акысыз билим берүү долбоору.

Программалоонун негиздерин окуп, талаптагы IT-адистиктерге биринчи кадам таштаңыз!
hero-pic-left
hero-pic-left
Ал кандай түзүлгөн?
  • 8-10-класстардын окуучулары үчүн акысыз билим берүү
  • Тандоо – сентябрда өтөт, окутуу – октябрдан апрель айына чейин
  • Курстун аягында орус жана англис тилдеринде сертификат тапшырылат
  • Окутуу орус тилинде
  • Окутуу Бишкек шаарында аптасына эки жолу 1,5 сааттан өтөт
  • Окуу материалдары, үй тапшырмалары жана текшерүү иштери — Яндекстин билим берүү платформасында
circl
Эмнени окуйбуз:
Python тилин, популярдуу куралдарды жана объектиге багытталган программалоонун негиздерин
Эмнени үйрөтөбүз:
прогноз кылганды, график түзгөндү жана Python аркылуу талдоо жүргүзгөндү
Кантип тапшырам
1.
Биз менен байланышыңыз
2.
Сиз анкета толтуруп, тесттик тапшырманы аткарып беришиңиз керек. Тапшырмага 50 мүнөт жана бир гана мүмкүнчүлүк берилет
3.
Эгер тестирлөөдөн ийгиликтүү өтсөңүз, кийинки баскычка — мугалим менен баарлашууга чакырабыз
4.
Эгер баарлашуу да жакшы өтсө, сиз менен долбоордун координатору байланышып, сабакка чакырат
want-image
want-image
Яндекстин мектебинде окугум келет
who-teaches-bg-pic
Окуучуларды ким окутат

Python тилин ар бир эле адам кызыктуу жана түшүнүктүү кылып айтып бере албайт.

Бирок биз ошондой адамдарды таптык — эми алар Яндекстин Программалоо мектебинде сабак берип жатышат.

Ар бир мугалим тыкыр тандоодон өтөт: биз Python тилин билер-билбесин, сүйлөшүү жөндөмүн жана шыгын текшеребиз. Биз үчүн команда биздин баалуулуктарды жактаганы маанилүү.

Биздин мугалимдер оор теманы түшүнүп алууга дайыма жардам беришет, окуу боюнча суроолорго жооп берип, колдоо көрсөтүшөт.

Алардын арасында:

  • таланттуу программчылар;
  • ЖОЖдордун окутуучулары;
  • мектеп мугалимдери;
  • техникалык адистиктер курстарынын улук студенттери бар.
Программчылар мектебин ким түптөп жатат
Уюштуруучулар
Яндекс Таксинин колдоосу менен Яндекстин билим берүүчү долбоорлорунун командасы
Өнөктөштөр
  • Биринчи май районунун № 75 орто билим берүүчү мектеп-лицейи Бишкек ш.
  • Бишкек ш. Ленин районунун № 102 орто билим берүүчү мектеби
  • Санариптик инновациялык академиясы, Бишкек ш.

FAQ

Tue Nov 07 2023 10:18:01 GMT+0300 (Moscow Standard Time)